Домой Саясат Илим Карыпбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө колдоо таба алган жок

Илим Карыпбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө колдоо таба алган жок

69

Илим Карыпбеков КТРКнын (Коомдук телерадиоберүү корпорациясы) байкоочу кеңешинин мүчөсү болуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын керектүү добушун ала алган жок.

Анын талапкерлигин Жылдыз Бакашованын ордуна КСДП фракциясы (ЖКнын квотасы) көрсөткөн.

Карыпбековдун талапкерлигине 43 депутат макул, 15 депутат каршы деп добуш берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сунуш өтпөй калганын билдирди.