phizer viagra overnight. Жакында 7-апрелдеги элдик ыңкылапка 7 жыл толот. Бул күнү Кыргызстандыктар аталган датаны белгилегени турат. Бакиев режимине каршы туруп, өз жанын аябай окко төшүн тоскон далай азаматтарыбызды көрдүк. Дал ушул баатырлардын бири, Апрель революциясынын баатыры Улукбек Жайчибеков орус тилдүү маалымат агенттигиннин бирине маек бериптир. Аны окурман журчулугуна кыргызчага оодарып сунуш кылабыз.
— Улукбек мырза, 7 жыл мурда эмне максат менен митингге чыктыңыздар жана Апрель революциясы өз максатына жеттиби?
— Революция өз максаттарына толук кандуу жете элек. Биз каршы чыгып, өлкөнүн өнүгүшүнө бут тоскон адамдарды саясаттан четтеткенде гана Апрель революциясы өз максаттарына жетет. Ага чейин өлкөнүн жана элдин жашоосу өзгөрбөйт. Бул “арамза саясатчы” адамдар рычагды колго алышып, Кыргызстандын гүлдөшүнө тоскоол болуп жатышат. Мунун баары бул адамдар жогорку трибуналардан катуу сөздөрдү айтышып, бирок, чындыгында, жеке пайдаларын гана ойлогондуктан болуп жатат. Алардан арылышыбыз керек. Биз 7-апрелде эл ачка отургандыктан, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанда кландык башкаруу тутумун түзгөн саясатын жактырбагандыктан аянтка чыктык. Мына ушул үчүн биз күрөштүк, ушул үчүн адамдар курман болушту. Бирок, Текебаев баштаган адамдардын тобу келип, кайрадан коррупция, мыйзамсыздык жана кысым жасоону улантуусу үчүн эмес.
— Сиздин көз карашыңызда революциядан кийин эмне өзгөрдү?
— Революциядан кийин биз өлкө жаңыча жашап калганын көрдүк. Биз, чындыгында, эркиндикке жетиштик. Бакиевдин тушундагыдай бардыгын коркутуу, басым көрсөтүп жана кысым жасоо деген жок. Азыр баарын тутумдаштырышты. Ишкерлердин ишмердигине мамлекет кийлигишпейт, тескерисинче, жардам көрсөтүүгө аракеттенет. Ал эми ишкерлер тиешелүү салыктарды төлөп жатышат. Ал эми мурда кандай болгон, кандайдыр бир ишкерлик менен алектенүү үчүн кимдир бирөөгө акча төлөп, алардын уруксаты менен иштөө керек эле. Тактап айтканда, биз аракеттердин эркиндигине жетиштик. Ошондой эле, сөз эркиндигине ээ болдук. Карасаңыздар, учурда ар ким эмнени кааласа ошону жазып, ким тууралуу айткысы келсе ошол жөнүндө айта алат. Жада калса, Президент тууралуу. Менимче, сөз эркиндиги – бул жакшы, бирок, анын аша чаппай турган чеги болушу керек. Алсак, 7 жыл мурда эркиндик, демократиялык өнүгүү үчүн күрөштүк, бирок, азыркы тапта демократия ураанына жамынып алып коомдо болуп жаткан окуялар — биз көздөгөн максаттар эмес. Бул, жада калса, демократия да эмес, ага каршы бир багыт.
2011-жылдан тартып үйлөрдү, мектептерди, ооруканаларды жана башка социалдык зарыл объектилерди куруу иштери активдешти. Бул абдан жагымдуу. Ал эми өлкө өнүккөн жок, жылыш жок деп айткандар – жаңылышат. Алсак, дүйнөдө алигиче цивилизация жана бизде бар нерселердин көпчүлүгү жок өлкөлөр бар. Биз колдо бар нерсеге сүйүнө билишибиз керек. Ал эми бардык жагдай начар экендигин адамдарды көкүтүп, көчөгө алып чыгууну каалагандар айтып жатышат. Негизинен кырдаалды козутуп жаткандар татаал жол менен келген туруктуулукту бузууну каалагандар болуп саналат.