Шакекти тандоодо жакшы табиттин болуусу шарт же сатуучудан сураш керек. Шакек адам тагынган эӊ байыркы зер буюм. Кээ бир булактарга таяна турган болсок, шакек кийимден мурун пайда болгон. Мурда аны сүйүүнүн сактоочусу катары колдонуп, шакекти сүйүшкөндөр белекке беришкен.
Аялзаты өзүнүн жашоосун зер буюмдарысыз элестете алышпайт. Бирок, зер буюм деп эле беш манжасына килтейген шакектерди тагынып алуу туура эмес. Психологдордун айтуусунда шакек тагынуунун бир нече себептери бар: бири социалдык жактан өөзүн көрсөткүсү келсе, кээ бирлер ар кандай энергетикалык күчтөрдөн коргонуу, кай бирлери сулуу көрүнгүсү келсе, башкалар эркектерге жагынуу үчүн тагынышат. Албетте баары теӊ туура. Бирок, туура тагынууну биле жүргөн дурус.
Шакекти тандоодо 2 нерсеге көӊүл буруш керек:
Манжанын көлөмүн жана узундугун. Эгер сиздин колуӊуз узун жана томпок болсо, узун жана ташы чоӊ шакектерди тагынып көрүӊүз. Кичинекей таштары менен шакеке узун манжаларга көп жашапай, байкалбай да калат.
Эгер сиздин манжаӊыз узун жана арык болсоӊуз, табигат сизге чоӊ белек берди деп түшүнө бериӊиз. Андай манжаларга кандй шакек болбосун мыкты жарашат. Чоӊ ташы бар жана квадрат түрүндөгү шакекетар абдан жакшы жарашат.
Кыска манжалуулар узун шакекетерди тагынганы дурус. Себеби, узун шакекетер манжанын кыскалыгын жашырат. Ал эми ташы кичине шакектер манжанын кыска экендигин даана айгинелейт.
Толук манжалуулар ассиметриялык көлөмдөгү шакектерди тагынса жакшы. Эгер ташы бар шакек тагынгысы келсе формасы башкача болгон абдан чоӊ эмесин тагынышы керек.
Шакектин өӊү да көп нерсени чечет
Көптөр кийген кийимине жараша ошого түспөлдөгү ташы бар шакектерди тагынышат. Ал да туура бирок, сиз өзүӊүздүн өӊ келбетиӊизге карап да тагынсаӊыз жакшы жарашат. Эгерде сиздин чачыӊыз ачык түстө, бетиӊиз ак жумал болсо алтын шакектерге басым жасаӊыз. Сапфир, янтарь, жашыл жана бермет таштары менен болгон жакшы.
Караторуларга платина, күмүш жана ак алтын жакшы. Жалтырак таштуу шакектер жакшы жарашат.
Жаш куракка жараша шакек тагыныӊыз
Жаш кыздарга ташы жок ичке шакектер жакшы. Орто жаштагыларга ар кандай таштар менен ар кандай формадагы шакектер жакшы. Ал эми орто жашка барып калган айымдарга тоголок көлөмдөгү шакектерге басым жасаган жакшы.
Самара Саламатова