Домой Коом Садыр Жапаров шайлоонун үгүт иштерине каражатты кайдан тапканын айтты

Садыр Жапаров шайлоонун үгүт иштерине каражатты кайдан тапканын айтты

120

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун эл менен жолугушууларынын биринде Баткен шаарынын Жаныбек уулу Ильяс аттуу тургуну суроо узатты. Ал Абдил Сегизбаевдин айтканын кайталап, «чын эле каражатты кайдан алып жатасыз?»- деген.

«Талапкерлер фонду ачылганына бир айга чукулдап калды. Чыгашанын баары элден, карапайым элден келип жатат. Пенсионерлер пенсиясын алып келип: «Ушул балага жардам берели», — деп жатышканын айтышты. Аймактардагы плакаттарды да эл көтөрүп жатат. Кудайга, анан элге ыраазымын. Түрмөдө 3 жыл жаттым, 3 жыл бою күн сайын дебейин, жумасына 3 жолудан карапайым адамдар келишип, тамак-аш, кийим-кече, акча таштап кетип жатышты. Мени менен түрмөдө отурган адамдар мени калп айттырбайт. Көбү аттарын айтпай эле, соопчулук үчүн деп таштап кетишчү. Кийин гана түрмөдөн чыккандан кийин билдим, аттарын айтпай таштап кеткендер мамлекеттик кызматта иштегендер экен. Эгер алар аттарын айтса, жетекчилигине жетип калса, жумушунан бошотуп коюулары да мүмкүн эле. Баткенден да мүшөк-мүшөк күрүчүн, өрүгүн жөнөткөндөр болду. Кыргызстандыктарга башымды ийип таазим этем», — деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев соцтармактагы баракчасына талапкерлердин арасында үгүт иштерине эң көп каражат жумшаган Садыр Жапаров болуп жатканын белгилеп, «мынча акчаны кайдан алды?» деген мааниде суроо салган.

булак: sayasat.kg