Домой Дүйнөдө Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү, израилдик компания менен 1 млн долларга...

Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү, израилдик компания менен 1 млн долларга келишим түзгөн.

200

ForeignLobby.com сайты Ари-Бен Менаше менен телефондо маек курганын жана кыргыз өкмөтү учурда анын кызмат көрсөтүүсү үчүн келишимдеги сумманын жарымын (500 миң доллар) бергенин айткан. Ошондой эле ал фирма Кыргызстандын өкмөт башчысы Садыр Жапаровду Американын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугуштуруу милдетин алганын маалымдаган.

Мындан сырткары макалада кыргыз бийлиги азыр каржылык колдоо алуу үчүн бардык тараптар менен кызматташууга даяр турганын, кызматташтык үчүн өлкөдөгү айрым кен байлыктын түрлөрүнө, айыл чарбасына, пахта өстүрүү секторуна чет элдиктерди кызыктырууга аракет кыларын кошумчалаган.

Ошондой эле Питтсбург университетинин башкаруу жана рынок борборунун директору Женнифер Муртазашвили да ForeignLobby.com басылмасына Кыргызстан тууралуу маек берип жатып: «Кыргызстандын учурдагы бийлигинин бул аракетин оппортунисттик мамиле катары кабыл алам. Камырды дубалга ыргытып, жабышабы же жабышпай калабы деп карап тургандай болуп жатат», — деген.

булак: maral.fm