Домой Коом №47 түзөтүү абагынын жанына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду

№47 түзөтүү абагынын жанына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду

47

Бүгүн, 5-ноябрда №47 түзөтүү абагынын жанына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду, деп билдирди «Апрель» телеканалы.

Атамбаев СИЗО-1 мекемесинен №47 абакка которулган болчу. Ал жерден бронхит оорусу менен жабыркап жатканы айтылган.

А.Атамбаевди колдоо үчүн чогулгандардын арасында жубайы Раиса Атамбаева да бар. Тарапташтары азык-түлүк, кат жана колдоо сөздөр жазылган плакаттарды беришти.