Домой Коом Рыскелди Момбеков: «Баш мыйзам алмашкандан эл эки сом да пайда көрбөйт пайдасын...

Рыскелди Момбеков: «Баш мыйзам алмашкандан эл эки сом да пайда көрбөйт пайдасын элита көрөт» (видео)

383

«Референдум тууралуу мыйзам долбоорунун автору ким экенин билебиз. Капталдан чыга калганды жакшы көрөсүз да. Бирөөнүн таштап кеткен аялын боёнтуп алып тойго ээрчитип барып «менин аялым» десе, эл ишенеби? Эч ким ишенбейт» – деди бүгүн, 9-декабрда депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын жыйынында мыйзам долбоорунун демилгечиси Акылбек Жапаровго кайрылып.

«Бачым кабыл алынган мыйзам бул мойнунан байланган итке окшош да. Эми биз баарыбыз мыйзамды буздук. Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып, кабыргасалып жатпайбызбы.

Банкрот болгон бактыбызды балталап жокко чыгарып жатпайбызбы. Элге парламенттик же президенттик башкаруунун кереги жок. Баш мыйзам алмашкандан, элдин жашоосу алмашпайт.

Байлардын эле жашоосу алмашат, байкуштардыкы алмашпайт. Эл эки сом да пайда көрбөйт, элита көрөт. Эми муну «заказной» деп айтып жатасыңар. Венеция комиссиянын корутундусу «заказнойбу»?

Венециялык комиссия азыркы чакырылышты «силердин мөөөтүңөр да, дөөлөтүңөр да жок» деп айтты. Эмне себептен ал комиссиянын корутундусун эске албайбыз? Биз бир эле Жапаровдун сөзүн укпайлыбы? Же экинчи Жапаровдун сөзүн уга беребизби?» – деди депутат.

Ошондой эле Момбеков өкүлү элге акыйкат бийлик менен акылдуу парламент керек экенин кошумчалады.