Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди. Жыйынга катышып жаткан башка депутаттар документти колдоду.
“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтуусунда, “Референдум тууралуу” мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш:
“Бизде бир дагы жол-жобосу сакталган жок. Дагы бир нерсе, мыйзамдагы сунушталган мамлекеттик башкаруунун формасы туура берилген эмес. Аткаруу бийлигин уюштуруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакшылап окуп алгыла. Президенттик, парламенттик башкаруу формасы деген жок. Мындай референдумду эч ким тааныбайт. Мамлекеттик башкаруу деген таптакыр башка. Маселе так, ачык болушу керек. Элдин башы айланып калды“, деди Өмүрбек Текебаев.
Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуштаганын маалымдаган.