Урматтуу президент, биздин талапты аткарыңыз, чындыктан коркпоңуз…
Кыргызстандагы эч бир акылга дагы мыйзамга дагы сыйбаган көрүнүштөрдүн бири -бул Жеңиш Молдокматовдун октябрь окуясына негизги фигура катары жападан – жалгыз күнөөлөнүп камалышы болуп турат. Ж.Молдокматов эки ай ичинде бир да жолу суралбай камакта жатканы аз келгенсип, эми дагы эки айга, тактап айтканда 6-сентябрга чейин узартып коюшту. Бул деген акыйкатсыздыктын жеткен чеги.
Урматтуу Садыр Нургожевич, мен сизге кайрылам. Кечээ эле сиз Жеңиш Молдокматовдой болуп, ак жериңизден камалып, түрмөнүн түркүн кыйноосун көрдүңүз эле. Ал тургай ал кыйноолорго чыдабай, президенттен ырайым суроо кадамдарына чейин баргансыз. Сиз күнөөлөп жаткан Ж.Молдокматов: “УКМКнын имаратын басып алды, саясий баш аламандык уюштурду”- дедиңер. Убагында Жеңиш Молдокматов баштаган миңдеген адамдар түрмөдөн бошотуп алышканын унутпаңыз!. Сиз түрмөдө түркүн ойдун түрмөгүндө, сандаган санаанын кучагында куурап жатканыңызда сиздин маркум ата-энеңиз, он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе үзүлгөн бейиши болгур уулуңуз баштаган жакындарыңыз сиздин амандыгыңызды тилеп, эркиндикке чыгышыңызды Кудайдан сурап турушкан. Ошол оор күндөрүңүздү бат эле унуттуңузбу? Жеңиш Молдокматовдун жашы жетимишке таяп калган апасынын, кичүүсү эки жашка толо элек эки баласын кучактап ыйлап-сыктап олтурган жубайынын дагы сизге жасашкан видео кайрылуусун көргөн чыгарсыз. Жеңиш мырзанын апасы менен жубайы азыркы учурда жүрөктөрү эңшерилип турат. Бир кезде сиз үчүн жүрөктөрү эңшерилген маркум атаңыздын, энеңиздин, уулуңуздун, ошол күндөн азап тарткан жубайыңыздын, балдарыңыздын кайгылуу абалын эстеңиз. Ошол оор күндөрдөн кантип эле сиз сабак алган жоксуз?
Мен сиздин эсиңизге дагы бир ирет салайын. Жеңиш мырза, өз үй-бүлөсүн багып жаткан бирден-бир адам эле. Ал сизге окшоп жаштайынынан Ысык-Көлгө май ташып, “Жыргалаң”сыяктуу шахтадан пайда көрүп,чиновник болуп бизнес кылган эмес. Жеңиш мырзага бооруңуз оорубаса да, анын карыган апасына, чиедей балдарына бооруңузду оорутуп, Молдокматовду жок дегенде үй камагына чыгарып коюңуз. Бул биздин бирден-бир талабыбыз. Сиз президент катары бир да Кыргызстандын жаранына кайдыгер караганга укугуңуз жок. Анткени, сиз Баш мыйзамдын гарантысыз.
Урматтуу Садыр Нургожевич, сиз майдачыл жана кекчил болбоңуз. Ажо болгонго жараша АЙКӨЛ болуңуз. Акыл калчап, алысты көрө билиңиз. Кекчилдик, кемсинтүү жана текеберчилик сизди алыска алып барбайт. Эртең эле эсиңизге келтирип, эки көзүңүздү чоң ачтырып коет. Өткөндөн сабак алыңыз. Ай ийилет,бирок сынбайт- дейт элибиз. Жеңиш мырзаны силер өмүр бою камай албайсыңар, бүгүн болбосо эртең чыгарасыңар. Бирок эртеңки күн кеч болуп калат. Жеңиш мырза түрмөдө канча узак жатса, силердин аброюңар, кадыр -баркыңар ошончо какшый берет. Эң негизгиси Ж.Молдокматов абакта ак жеринен, силердин мыйзамсыз чечимиңердин курмандыгы болуп отурат!