Домой Коом Рыскелди Момбеков: «Өкмөттүн кышка даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек»

Рыскелди Момбеков: «Өкмөттүн кышка даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек»

40

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Жогорку Кеңештин отурумунда Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады.

Депутат Момбеков өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата маалыматын угуу ордуна жоопкерчилигин кароо керек деп билдирди.

“Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын күз ортолоп калганда кароонун кандай зарылдыгы бар? Бүгүн алардын даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек. Бир-эки күн суук болуп, кыламык кар жааганда кышка даярдык жок экени билинип калды. Болот деген суу болгон жок, толот деген Токтогул толгон жок, топ базада көмүр жок, толгон элде көңүл жок. Жетекчилердин жеке жоопкерчилигин карай турган мезгил жетти”, – деди Момбеков.