Домой Технологиялар Роботтор баарын алмаштырабы?

Роботтор баарын алмаштырабы?

425

Хьюстондогу Райс университети­нин адистери планетанын экономи­касына роботтор кандай таасир тийгизерине божомол жасаганга аракет кылышкан.

роботМоше Варди менен анын кесиптештери убакыттын өтүшү менен калктын ар кандай катмарынын жашоо деңгээли кандай өзгөрөөрүн аныктап чыгышкан. Окумуштуулар кара жумуш аткарган жумушчулар роботторго караганда арзан турушат деген жыйынтыкка келишкен. Роботтоштуруудан коом­дун ортоңку катмары көбүрөөк жабыр тартат. Коомдук транспорттун айдоочулары, мамлекеттик кыз­маткерлер, чоң дүкөндөрдөгү сатуучулар, тамак-аш комбинатынын жумушчулары жана башка жумуш ордунда акыл эмгегин аз талап кылган кызматкерлер жумушун жоготууга көбүрөөк дуушар болушат экен. Бул деген жакынкы келечекте акыл эмгеги биринчи орунга чыгат дегендик. Роботтоштуруунун таасири Кытай менен Индияда көп байкалат. АКШда болсо, жумушчулардын үчтөн бир бөлүгү жумуш ордунан ажырашат. Кандай болгон күндө да жаштар келечек жумушун акыл эмгегине байланыштыруу менен жумушсуз калбай тургандыктарын эске алышса.

Аида Мусаева