Домой Технологиялар Сыйкырдуу ноутбуктар

Сыйкырдуу ноутбуктар

106

Жакынкы күндөрдө элдин баары колдонуп жатышкан ноутбуктарды электр тогу менен кубаттандыруунун зарылчылыгы калбай калат.

МикропроцессорАнын ордуна кичинекей ядердик реактор колдонула баштамакчы. АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн Изилдөө лабораториясы демөөрчүлүк кылып иштеп чыгышкан жабдуу азыркы электр кубаттандыргычтарын унутууга өбөлгө түзөт. Мындан жарым кылым мурда эле белгилүү болгон технологияны эми кайрадан колдонууга киргизип жатышат. Азыктандыруунун ядердик ыкмасынын механизми чындыгында жөп­жөнөкөй эле: радиоактивдүү заттар бета-нурданууну бөлүп чыгарышат (электрондордун агымы), алар андан кийин электр тогуна айланып, кремний пластинине топтолот. Ядердик реактордун элект кубаттандыргычтардан айырмасы, ноутбук ысып кетпейт, дайым муздак абалда турат. Өз мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин бул реакторлордун айлана-чөйрөгө эч кандай зыяны жок. Эгер баары өз нугу менен кетчү болсо, бул укмуштуу батареялар дүкөн текчелеринде 2-3 жылдын ичинде пайда болуп калмакчы.

Аида Мусаева