Домой Дүйнөдө Дүйнөдөгү алгачкы робот-сүрөтчү тарткан автопортреттер (фото, видео)

Дүйнөдөгү алгачкы робот-сүрөтчү тарткан автопортреттер (фото, видео)

3

Дүйнөдөгү алгачкы робот-сүрөтчү Лондондо өзүнүн эмгектеринин көргөзмөлөрүн жана сатууларын ийгиликтүү өткөрүп, жасалма интеллекттин азыркы жашоодогу орду жөнүндө лекцияларды өткөрүп жатканын Sputnik Moldova сайты жазды.

Экспозицияда бир нече күндүн ичинде робот тарткан автопортреттердин сериясы гана эмес, ошондой эле Ай-Да кандайча пайда болгон жана ал кандайча иштей тургандыгы жөнүндө видео да камтылган.

 

Ай-Да аттуу андроид робот-сүрөтчү абдан реалдуу көрүнөт: териси силикон, кадимкидей тиши бар жана чач жасалгасы да саркеч, бирок колдору механикалык.

Ал өз көзүн, тагыраак айтканда, орнотулган камераны колдонуп, адамдарды тартууга жөндөмдүү алгачкы ультра-реалдуу робот деп эсептелет.

Жасалма интеллекттүү сүрөтчү-роботко британиялык математик жана компьютердик технологиянын пионери Ада Лавлейстин ысымы ыйгарылган,  ал эми анын жасалма интеллектинин алгоритмдери Оксфорд университетинин окумуштуулары тарабынан түзүлгөн.
Роботту жаратуучулардын айтымында, Ай-Да көзүнө орнотулган камера менен көрөт жана алынган маалыматка адамдын кийлигишүүсүз реакция кылат.

Ай-Да сүрөттөрүнүн эскиздерин тартуу үчүн карандаш же калемди колдонот, бирок иштеп чыгуучулар убакыттын өтүшү менен аны боёк менен сүрөт тартууга үйрөтүшөрүнө үмүт кылышууда.

Ай-Данын көргөзмөсү 18-майда эшигин ачкан жана ал жай бою, 31-августка чейин уланат.