Домой Коом Президенттикке талапкерлигин койгон Текебаевдин үстүнѳн арыздар түшѳ баштады

Президенттикке талапкерлигин койгон Текебаевдин үстүнѳн арыздар түшѳ баштады

75

Текебаев

 

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттикке талапкерлердин мыйзам бузуусу боюнча даттануулар келип түшө баштады.

Маселен, ажолукка ат салышуу ниетин билдирген “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү адамдарынын үстүнөн даттануу түшкөн. У. Исаев аттуу жаран Текебаевдин БШКга ишенимдүү адамдары катары катталган Таалайгүл Токтакунова жана Канат Азиздин мыйзам бузуп жатканын айтып кайрылган. Ал аталган жарандар бир эле учурда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгында иштеп, ошол жерден айлык алып, Текебаевдин ишенимдүү адамы катары да эрежелерди сактабай жатканын негиз кылган.

alternative over the counter provera. Биз билгенден, Т.Токтакунова менен К.Азиз бул эле кызматтар менен чектелип калбайт. Алар парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгында иштеп, ошол эле кезде жеке юридикалык компанияда эмгектенип, мыйзамды бузуу менен иш алып барууда. Мындай “беш колдуулардын” мыйзамсыз аракеттерине БШК өз баасын бериши керек. Эгер бул маселеде акыйкаттык сакталбай, Текебаевдин ишенимдүү адамдарына чара көрүлбөсө шайлоонун жүрүшүнө тоскоолдук жаралат. Башка талапкерлердин нааразычылыгын жаратат. Мыйзам баарына бирдей экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.