Эртең, 14-ноябрда саат 23:59да президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз менен кайрылуу мөөнөтү аяктайт.
- Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Бүгүн, 13-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 24 адам президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, арыз менен кайрылды.
Алар:
1. Адахан Мадумаров;
3. Кубан Чороев;
4. Назарбек Нышанов;
5. Бектур Асанов;
6. Канат Исаев;
7. Абдыкаар Сыдыков;
8. Сазыкбай Турдумалиев;
9. Нурлан Мотуев;
10. Рашид Тагаев;
11. Жеңишбек Байгуттиев;
12. Клара Сооронкулова;
13. Аймен Касенов;
14. Азамат Эсенбеков;
15. Кубанычбек Кадыров;
16. Садык Шер-Нияз;
17. Урустам Кабылбеков;
18. Ильгиз Товкеев;
19. Бактыбек Калмаматов;
20. Элеонора Турдубекова;
21. Жамбыл Камчиев;
22. Мыктыбек Арстанбек;
23. Токтайым Үмөталиева;
24. Арсланбек Малиев.
Ошондой эле Садыр Жапаров да президенттик шайлоого бара турганын жарыялаган. Бирок ал БШКга арыз менен кайрыла элек.
14-декабрга чейин президенттикке талапкерлерди каттоо иштери жүргүзүлөт.