Домой Саясат Президент А. Атамбаевдин демилгесине Москванын таарынганга себеби жок

Президент А. Атамбаевдин демилгесине Москванын таарынганга себеби жок

72

             2017-10-27_15-13-20_682506

26-октябрда КР президенти А. Атамбаев 7-8-ноябрь күндөрүн «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» деп жарыялаган жарлыкка кол койгон. Мына ушундан кийин эртеси күнү эле Россиянын Мамдумасынын вице-спикери И. Лебедев «Кыргыздар Кыргызстандын Россияга каршы көтөрүлүшүн улуттук майрам кылып алышты, андыктан кыргызстандыктарды Россиянын территориясында улуттук айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө тыюу салуу керек» деп чыккан.

И. Лебедев бул жерде мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгынын текстин толук окуп чыкпастан эле, шашылыш түрдө терс пикирин айтып чыкканын белгилеп коюу керек. Себеби ал жарлыкта 1916-жылдагы улуттук боштондук үчүн күрөштөн кийин 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин СССРдин курамына биз Кыргыз ССРи катары киргенибиз 1991-жылы эгемендүү мамлекет болушубузга себепкер болуп калганы айтылган. Октябрь революциясы майрамы СССР тушунда өтө чоң майрам болгон. Бирок, союз ыдырагандан кийин бул майрам Россиянын өзүндө да мурдагы маанисин жоготкон. Андыктан эми Кыргызстан да бул майрамды бүгүнкү учурга ылайыктап өзгөрткөнү үчүн Россия ага таарынбай эле койгону дурус болот.

Мындай пикирлерди эл аралык эксперттер да айтышууда. Маселен, россиялык «Свободна пресса» порталы ушул 7-8-ноябрь күндөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кол койгон жарлыгы боюнча эксперттердин пикирин жарыялаган.

Борбордук Азия боюнча эксперт Григорий Михайловдун пикири боюнча Москва Бишкекке таарынууга болбойт жана Атамбаевдин демилгесине жооп кылууга шашылбаш керек.

«Биринчиден, белгилей кетүүчү нерсе – кыргыз тарап азыр парламент депутаттарынан тарта жаңыдан киргизилген жарлык антироссиялык багытта эмес экендигин активдүү белгилеп атышат. Себеби Россиянын өзүндө да бул майрам белгиленбейт жана башка аталышка ээ. Андыктан Россия муну мурда өзү жасагандыктан, эми таарынганы акылсыздык», — дейт эксперт.

Ал ошондой эле бул жаңы киргизилген жарлык антироссиялык багытта эмес экендигин кошумчалайт.

«Кыргызстанда, Казакстанда жана КМШнын бир катар мамлекеттеринде Жарандык согу, 1916-жыл, 1930-жылдардагы репрессиялар, ачарчылык дайыма эле Россияга каршы туруу үчүн эмес, өзүн-өзү идентификациялоо кызыкчылыгы үчүн талкууланып келет. Өз мамлекеттерин көз карандысыз мамлекет катары белгилөө кызыкчылыгы үчүн. Андыктан Атамбаевдин жарлыгын мына ушуну белгилөө аракети катары баалаш керек», — дейт ал.

Мына ошондуктан Мамдуманын айрым депутаттарынын Кыргызстандын жарандарын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен Россиянын территориясында иштөөсүнө тыюу салууну сунуштап чыкканы мезгилсиз реакция деп баалайт Михайлов.

viagra blogs best online.

«Бул мезгилсиз реакция деп ойлойм. Эми Кыргызстандын кийинки президенти менен мамиле куруу мааниге ээ, анын сөздөрүнө эмес, аракеттерине көңүл буруу керек. Мамилени бузуу оңой жана эрте, ал эми калыбына келтирүү татаал. Өзгөчө мына ушуну каалаган күчтөр бар экенин эске алганда. Биз муну азыр Кыргызстан менен Казакстандын конфликтисинен көрүп атабыз. Күтүү керек. Балким депутаттар дагы кайра ойлонушат», — дейт эксперт.

Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин биринчи орун басары Дмитрий Новиков Россия өзүнүн тарыхына өзү урмат-сый менен мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтүш керек деген пикирде. Ал азыркы тапта Россияда 7-ноябрь майрам болбой калганын айтат.

Ооба, бул эксперттердин айткандарында калет жок. Ар бир суверендүү мамлекет өз тарыхын сыйлоосу жана эстеп туруусу кажет. Андыктан Кыргызстан өз тарыхын эстеп туруусу үчүн жасаган кадамынан кынтык издөөгө негиз жок. Ошол эле убакта Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш, достук мамиледеги мамлекеттер. Бул жерде Россияга каршы эч кандай багыт жок экенин аңдап түшүнүп алганыбыз оң.