Домой Саясат Алмазбек АТАМБАЕВ, КР президенти: “ЕврАзЭС бир адамдын кабак-кашына карап отурса, анда ишенимдүү...

Алмазбек АТАМБАЕВ, КР президенти: “ЕврАзЭС бир адамдын кабак-кашына карап отурса, анда ишенимдүү уюм боло албайт”

123

                 24334

lower price on finasteride camber. Президент Алмазбек Атамбаев 27-октябрда бир катар өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилерине ишеним громаталарын тапшырды. Мамлекет башчысы элчилерди кабыл алып жатып өлкөдөгү саясий кырдаалга, кыргыз-казак чек арасындагы абалга кенен токтолду.

Президент сөзүнүн башында акыркы окуяларга токтолуп, кыргыз-казак чек арасындагы көрүнүш тууралуу пикирин билдирүүнү туура көрүп жатканын белгиледи. Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстан сыртка экспортко чыгуу үчүн Казакстандан башка жолдору карап чыгуусу зарыл. Ал Өзбекстан жана Кытай аркылуу чет өлкөгө товар алып чыгууга болорун, бул үчүн тиешелүү тапшырма берилгенин билдирди. “Казак-кыргыз чек арасындагы абал, биз ЕврАзЭСке  өтө чоң ишеним артып алганыбызды дагы бир ирет далилдеди. Экономикалык өнүгүүдө биз өзүбүздү-өзүбүз алдап, уюмга үмүт артып отура бергенибиз болбойт. ЕврАзЭС бир адамдын кабак-кашына карап отурса, анда ишенимдүү уюм боло албайт. Ошентсе да эч нерсеге карабастан Кыргызстан Россия менен азыр жана келечекте дагы стратегиялык өнөктөш болуп кала бермекчи”, — деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өкмөткө Казакстандан башка өлкөлөр аркылуу тышка чыгуу жолдорун кароону тапшырганын жана ага мисал катары Кытай менен Өзбекстанды сунуштаганын маалымдады. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тездештирүү керектигин да кошумчалап өттү. “Айыл чарба товарларын башка өлкөлөргө экспорттоо боюнча өкмөткө тапшырма бердим. Бул 32 млн. базары бар Өзбекстан жана 1,5 млрд. калкы бар Кытай. Дыйкан-фермерлерибиздин, өндүрүшчүлөрдүн товарын Россияга темир жол менен пломбалап жөнөтөбүз. Бул боюнча биздин Россия президенти Владимир Путин менен атайын келишимибиз бар. ТЭЦ жана башка агрегаттарды Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүргө өткөрүү керек”, — деди президент

А.Атамбаев Кыргызстан ички маселесине тышкы өлкөлөрдү эч качан аралаштырбай тургандыгын жана улуттук кызыкчылык биринчи орунда турарын баса белгиледи. Ошондой эле ал 15-октябрда өлкөдө таза шайлоонун жыйынтыгы менен жаңы президент шайланганын билдирди. “Кыргызстандагы президенттик шайлоого эл аралык байкоочулар жогору баасын берди. Кыргызстанда таза шайлоолорду өткөрүү менен мамлекет жетекчилерин тандап алууга жетишүү менин кыялым болчу. Буга биз жетиштик”, — деди президент.

А.Атамбаев өлкөнү акча менен грантка сатууга даярлар бар экенин акыркы окуялар көрсөткөнүн белгилеп, бирок элдин басымдуу бөлүгү улуу Манас баатыр айткандай эгемендүүлүк үчүн жанын берүүгө даяр экенин билдирди. «Эгемендүүлүк бир тыйын болгондорго айтарым, жашоо үчүн ыңгайлуу болгон жана акча берген жер издегиле. Боордош Казакстан менен жарандыкты алууда жеңилдик берүү боюнча келишим бар. Силерди сүйүнүү менен коё беребиз, кабыл алчу тарап дагы жылуу тосуп алат. Ал жакта жер көп», — деди Атамбаев.

Президент Кыргызстандын алдында чоң милдеттер, жаркын келечек турганын айтып, 2040-жылга чейинки Улуттук стратегияны ишке ашыруу керектигин белгиледи. Муну менен Кыргызстан экономикалык жактан гана өнүкпөстөн күчтүү жарандык коомду курууга жетерин билдирди.