Домой Саясат Атамбаев: Барымтада калган жоокерлер бошотулат

Атамбаев: Барымтада калган жоокерлер бошотулат

192
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кармалып жаткан жоокерлер кое берилет. Бул тууралуу Атамбаев өзү тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып билдирди:

— Колдоп берсеңер, ошол алтоону акырын жеткирип берели. Биз буларды туурабайлы. Атса да булар атпайт, калгандарга да сабак болот.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иштин алкагында 7-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн алып кетүү аракети жасалды. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бул операциясы ишке ашкан жок, ортодо тутанган кагылышуудан жай тургундардан жана күч кызматкерлеринен жалпы 52 адам жараат алды, алардын бири — атайын кызматтын өкүлү каза тапты.

Окуя учурунда Атамбаевдин тарапкерлери он чакты күч кызматкерин кармап алышкан. Алардын жараат алгандары кое берилип, алтоо ошол жакта калган.