Абайлап бакылдаш керек болчу…
Буга чейин Фарид Ниязов, Кыяз Смаилов сыяктуу Алмазбек Атамбаевдин жакын жандоочтору Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң Алга Кылычов, Темирлан Султанбеков, Эрмек Окенов, Амантур Жамгырчиев ж.б. КСДПнын активисттерин ИИМдин тергөө башкармалыгына алып кетишкенин Назгүл Мамытова билдирди. Суракка алынчу жана камалчулардын тизмеси дагы уланары болжонууда. Баса, Атамбаевди кармоо учурунда Курсан Асанов: “Алмаз Шаршенович, сиздин балдарыңызга эч ким тийбейт. Мен сөз берем! Сөз берем!” деп бакылдаган. Ошол сөзгө ишенип, экс-президент атышпай колго түшүп берип атпайбы. Эми болсо, Атамбаевге жакын жүргөн балдар камала баштады. Ошондо Курсан Асановдун генералдык сөзү өлдүбү? Байкап сүйлөш керек да, калп эле популизм оорусу менен опулдабай…
Aryba.kg