Домой Саясат Бабанов «токолу» менен эс алууга кетсе, анын камчысын чабам деп Болотканов Исаевдин...

Бабанов «токолу» менен эс алууга кетсе, анын камчысын чабам деп Болотканов Исаевдин жанына отургусу келип атабы?

46

            42011

birth control pill online usa.

29-октябрь күнү Таласта 300гө чукул адамдын катышуусунда митинг болуп өттү. Анда «Алмазбек Атамбаев Талас элинен кечирим сурасын» деген талапты коюшканын да айта кетели.  Узун кулактардын айтымында, муну Өмүрбек Бабановдун «оң колу», КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Кубат Болотканов уюштурган дейт. Бул үчүн Ө. Бабанов токолу А. Гривцова менен чет өлкөлөрдүн бирине эс алууга кеткенге чейин планды түзүп, «сценарийин» жазып, анан жетишээрлик акча каражатын калтырып кеткени жалганбы?

Буга чейин деле Кубат Болотканов Өмүрбек Бабановдун тапшырмасы менен борбор калаабызга Таластан 5-6 аксакал курагындагы мекендештерибизди алып келип, маалымат жыйынын өткөртүп, президент А. Атамбаевдин дарегине акаараттарды келтиртип кеткени кабарланган. Башкача айтканда К. Болотканов бул аракети менен мамлекет башчысынын президенттик шайлоодон кийин Таласта митинг уюштурган Ө. Бабановдун тарапташтарынын облус губернатору Д. Кенекеевдин «Манас» эпосунан үзүндүнү окутпай коюшканын сынга алып, «Абыке-Көбөштүн тукумдары» деп айтканын көбүртүп-жабыртып «жалпы Таластын элинин ар-намысына тийди» деген коомдук пикир жаратуу аракетин көргөн.

Бирок, акыл-эстүү, сөз маанисин аңдап түшүнгөн Талас эли андай бузукулардын максатын жүзөгө ашырууга көмөк кылышкан жок. Тескерисинче,К. Болотканов атайылап уюштурган аксакалдардын маалымат жыйынына каршы маалымат жыйынын өткөрүштү.

Эгерде К. Болотканов мындай бузукулугун дагы уланта берсе, анда өзүнүн келечегине жаман пайдубал түптөп алышы толук мүмкүн. Себеби, биринчиден аны элибиз бузуку адам катары таанып калат. Экинчиден, мамлекетибиздин коопсуздугуна, элибиздин ынтымагына доо кетирүү аракеттерин жасап атканы үчүн кылмыш иши козголуп, Канат Исаевдин жанынан орун таап калышы мүмкүн. Ал эми аларды акча менен кыймылдаткан Ө. Бабанов токолун ээрчитип алып, чет мамлекеттерди кыдырып эс алып жүрө берет. Муну ал тастыктап атат, болбосо анын тапшырмасы менен кримчөйрөнүн өкүлдөрүнө 800 миң сом берип атканы ачыкка чыгып кармалган Канат Исаевдин тагдырына бир кызыгып коет эле го.