Үзөңгү-Кууш маселесинде Акаевге каршы чыгып, анын арты менен элге таанылып алган Азимбек Бекназаров эки революциянын башында турду. Бирок, «Революциянын бульдозеру» эл үмүтүн, жада калса жердештерин тилегин аткара албады. Бекназаров камалганда анын боштондугун талап кылып чыгып окко учкан аксылыктардын маселесин Башкы прокурор болуп туруп чече алган жок. Кандуу окуяга юридикалык баа бере албады.
Сүрмө топту башаламандыкка түртүп, анын арты менен пайдага маарыганды гана билген Бекназаровдун чыныгы жүзү, бети жоктугу аягында далилденди. Элди иренжитти, аксылыктардын бетине көө сүйкөдү.
Жакында Бекназаров “Ата Мекен” партиясынын паракорчулук менен соттолгон лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда көрсөтмө берип, ишенимдүү сүйлөп, аны актаган эле. Адамдын бир эле жүзү, бир эле чындыгы болсо Азимбек Анаркуловичтин эки жүзү, табактай болгон калың бети бар экени ушул соттон кийин белгилүү болду. Муну деле өзү ачыкка чыгарып койду. Анда кеп учугун ушул нукка буралы.
Бекназаров Убактылуу өкмөттүн айрым “мандемдүү” мүчөлөрү сыяктуу эле Текебаевди актап-жактаган көрсөтмө берген. Бирок, бул көрсөтмөлөрү жалган экенин, жөн гана “жылгылган адамды” колдоо иретинде айтылген кеп экенин Камчыбек Ташиев менен болгон жашыруун сүйлөшүүсүнүн жазуусу тастыктап койду. «Сотто жыгылып аткан кишиге, Кудай өзүң кечир деп, калпты айтып чыктым деп мобу балдарга дароо айттым. Менден болгону сураган: он үчүндө Маевский келген, мен көргөн жокмун дедим. Анан дагы айттым, Текебаев 49-50% алектенген эмес, мен алектенгем дегем», — дейт Бекназаров.
Бул аудио интернетке тараганда Азимбек Анаркулович бети кызарбай туруп “азыр керек болсо менин өлүп калган чоң атамдын да үчүн жасап коет” деп актанган. Бирок, аны тастыктаган тасма жарыяланып кеткенде кумга сиңген суудай жок болду.
Текебаевге кошуп Салянованы да отургузуш керек!
Азимбек Бекназаров тана албай турган тасманы журналист Раушан Рыкунова жарыялады. Ал Бекназаровдун маек алып бүтүп “чайлашуу” мезгилинде камерасын “басып” коюп, көптөгөн эл билбеген сырларды ачыкка чыгарып алган. Бекназаров ошол тасмада элден жашырган чындыгын толугу менен баяндап берген. Анын пикиринде «Альфа Телекомдун» 100% улутташтырылышы туура эмес кадам болгон, А. Салянова муну Ө. Текебаевдин тапшырмасы боюнча атайылап, мыйзамсыз жасаган. Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн Бекназаровдун айткан сөзүн келтирели:“Анткени булар билесиң да, мына Альфа Телекомдуку деп Салянова конфискация кылдырып койбодубу? Это по заказу Текебаева умышленно кылдыртты, это неправильно, это незаконно. То есть если сегодня Елисеев обратиться в международный суд он выиграет. Потому что наш суд признал это как имущество Елисеева и конфисковало понимаете? А этот суд неправильный приговор вынес, потому что…(буйдала түшүп) …до сих пор стоит же. А это Текебаев и Салянова специально сделали. Умышленно. Сегодня хвастается Салянова “Я национализировала 100%”. Нет. Они неправильно сделали. Потому что они не смогли свои планы сделать, и они сделали “ни мне ни тебе”. Я постоянно говорю “Это надо отдать”, это справедливо будет и законно будет. Надо отдать”, — дегем дейт ал.
Бекназаровдун бул кебинин төркүнү Текебаевдин “Мегаком” боюнча кылмышын толугу менен далилдеп койду. Анткени Текебаев “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 51% акциясын россиялык ишкерге алып бере албай калган соң, аны толугу менен улутташтыруу керек деген тапшырманы Саляновага берген.
Азимбек Анаркулович Текебаевге козголгон кылмыш иши чала болуп калганын айтып, ага А.Салянованын да тиешеси бар экенин ачык билдирген. “Андан кийин айттым “Текебаев 49%-50% заниматься эткен эмес, мен заниматься эткем. При чем булар” деп. Булар ишти туура эмес козгоду да. Булар козгоп туруп Салянованы байлаш керек болчу. Жанагы сотту сураш керек болчу. Жети жыл эмне үчүн каратпай койдуңар деген суроону соттордон сураса, соттор айтып берет да “бизден Салянова кайра алып койду” деп эле айтып берет да. Ошону менен коррупция кылыш керек. Анан эми Маевскийден алган акча это мошенничество да. Это мошенничество”, — дейт Бекназаров.
Бекназаров Модин менен Текебаевдин байланышын да ачыкка чыгарабы?
Текебаев алгач өзүнө кылмыш иши козголгондо Маевский менен жолукмак тургай аны өмүрүндө көрбөгөнүн айтып карганган жайы бар. Кийинчерээк бир топ күбөлөр бул экөөсүнүн жолукканын тастыктап берген соң Текебаев Маевский менен эки гана жолукканын моюнга аган. Бирок, Модин менен такыр байланышы болбогонун айткан Текебаев ошол оюнан кайткан жок. Ал эми Бекназаров Раушан айым менен сүйлөшүп жатып Текебаев-Модин байланышын танган эмес. Аталган тасмада Раушан Рыкунова Бекназаровго мындай деп кайрылат: “Азимбек Анаркулович помните история была когда у Чотонова на дне рождении мы с Текебаевым схлестнулись. Байболов там был… Там день рождения болуп анан Текебаев улам эле жанагы Модиндин кишилерин киргизебиз деп Мегакомго мне же говорили, Модинди киргизем деп атат деп… А бая күнү Текебаев эч качан претензия кылган эмес, эч кимди киргизем деп айткан эмес деп сотко айтып атасыз” best viagra in india for men. десе, Бекназаров: “Эми ал өлүп аткан кишини мен эмне кылам? Зачем? Мен сизди …” деген.
Ошондой эле Раушан Рыкынова А. Бекназаровдун берген көрсөтмөсүнө аябай таң калганын айтып “Сиз өзүңүз деле көрбөдүңүз беле Модиндин келгенин?” деп сураса, Ал: “Мен аны айткан жокмун, менден аны сураган жок. Менден болгону сурады ошол он үчүндө тиги ким эле Маевский келгенин. Мен көргөн жокмун”, — дейт. Демек, Модин менен Текебаевдердин ортосунда жолугушуулардын болгонун Бекназаров абдан жакшы билет, бирок аны сотто айткан эмес. Аны эми кийинки “тасмасында” ачыкка чыгарып калар…
Ошентип Бекназаров өзүн актаймын деп Текебаевдин да, өзүнүн да чыныгы жүзүн ачып койду. Бул тасмасын тана да алган жок, актанууга да чамасы жетпеди. Ошентсе да коомчулукка өзүнүн эле чыныгы жүзүн көрсөтпөй, Өмүрбек Текебаевдин кылмышын да далидеп койду. Эми жалган көрсөтмө берген Бекназаровдун жоопкерчилиги каралышы керек.