— Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин президент болгонуна 6 жылга чамалап баратат. Өлкө башчыбыздын мөөнөтү ушул жылдын соңунда аягына чыкканы турат. А.Атамбаев президенттик жылдарында энергетика тармагына кандай салым кошо алды?
— Президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагына кошкон салымы ат көтөргүс деп тартынбай айта алам. Буга “Датка-Кемин” электр чубалгыларынын тартылганы тирүү мисал. Азыр Кыргызстандын энергетика тармагынын келечегине кенен жолдор ачылды. Маяналар жогорулап, бул тармакта иштөөнү каалагандардын катары калыңдады. “Датка-Кемин” ишке кирип жатканда биз Кытайдан окуп, көп нерсени үйрөнүп келдик. Учурда өлкө боюнча көптөгөн жаңы көмөкчордондор курулуп, жарык өчмөй деген токтоду.
— Энергетика тармагында дагы аткарыла турган кандай иштер бар деп ойлойсуз?
— Кудай буйруса бул тармактын инфраструктурасы жаңыланып баратат. Токтогул ГЭСи кайрандан капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Ал бүткөндө ГЭСтин кубаттуулугу дагы артат. Аткарыла турган иштер тууралуу айтсам, Нарын дарыясына дагы бир топ ири ГЭСтерди куруш керек. Камбар-Ата-1 ГЭСине инвесторлорду тартуу зарыл. Жогорку Нарындагы ГЭС каскаддарына Чехиянын инвесторлору келди. Эми алыр ишин бүтүрсө Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугу дагы артат. Кара-Кечеге ТЭЦ куруу иштерин да тездетүү керек. Буйруса аны менен CASA-1000 добоорунун алкагында энергиябызды экспорттой баштайбыз.