6-сентябрь күнү саат 09:45 чамасында Ош облусунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын күчү Алай районунун Ак-Босого айылында 3 баллга, Сары-Таш, Арча-Булак, Кызыл-Алай айылдарында 2,5 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.