Коронавирус илдети азайды деп айтууга али эрте. Себеби, кечээ 55 адам оору жуктурган, алардын көбү Бишкек шаарыда катталды. Ал эми айыккандардын саны 134. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу – 5;
Талас облусу – 2;
Иссык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 13.
Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 458гө жетти. Анын ичинен 39 960 бейтап ооруну жеңип чыкты. Учурда өлкөдөгү ооруканаларда 601 киши жатат, ал эми амбулатордук дарыланууда 3 004 бейтап бар.
Дүйнөдө COVID жуктургандар 27 миллиондон ашты.