Кечээ, 20-февралда Түркиянын Хатай провинциясында эки ирет катуу жер титиреди.
Түркиянын «Анадолу» («Anadolu») жалпыга маалымдоо каражаты билдиргендей, саат 20:04тө 6,4 баллдык жер титирөө болду. Андан кийин саат 20:07де кайрадан жер силкинип, анын күчү 5,8 баллга жетти.
Биринчи жер титирөөнүн очогу 16,7 км тереңдикте, экинчиники 7 км тереңдикте катталды.
Жер титирөөлөр коңшу провинцияларда жана Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина, Израиль, Ливан мамлекеттеринде сезилди.
Түркиянын жарандарына деңиз жээгинен алыс болуу сунушталды.
Соңку маалымат боюнча, 6-февралдагы катуу жер титирөөлөрдөн Түркия менен Сирияда 47 миңге жакын адам каза тапты. Алардын 40 миңден ашыгы — Түркиянын жарандары.
Буга чейин сейсмологдор Стамбул шаарында да катуу жер титирөө күтүлүп жатканын эскертишкен.