7-августта Атамбаевди кармоо операциясында Сегизбаевдин жаракат алганы айтылган. УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын маалымат жыйын учурунда билдирген.
«Аны эч ким аткан жок. Качып баратып жөн эле буту бир жерге урунуп көгөрүп калышы мүмкүн. Ал өзүн жарадар адамдай көрсөткүсү келип жатат», — деген Опумбаев.
Опумбаевдин буга чейинки кызматтан кетүү таржымалы да кызык жагдай жаратат экен. Опумбаевди атайын кызматтын Бишкек башкы башкармалыгынын жетекчиси милдетин аткарып турганда, 2016-жылы ал убакта УКМКны жетектеп турган Абдил Сегизбаев аны кызматтан алган.
Эми болсо эски күндөрдү эстеп Сегизбаевден өч алуу максатында анын жарадар болгонуна ишеним артпай өзүнүн жеке амбициясына алдырып жаткан жокпу деген суроо жаралууда.
Ал ортодо ИИМдин Тергөө кызматына сурак бериш үчүн барган Сегизбаевге журналисттер суроо узатканда ал:
«Мен төрага болуп келсем Орозбек Опумбаев Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси болчу. Тилекке каршы, ал кишинин пенсияга жашы келип калыптыр, ошол себептен аны мен жумуштан бошотком. Менин мамилем ошондой эле».