Домой Саясат Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов суракка чакырылды

Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов суракка чакырылды

107

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылды.
“Сурак эки саатка жакын уланып, Алмаз Үсөнов тергөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат таратпоо боюнча тил кат берди”, – деп айтылат маалыматта.

Абдиль Сегизбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.