Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Абдил Сегизбаев жөнүндө актуалдуу пикирлер:
Эльмира Ибраимова, экс-вице-премьер министр:
- Мен, Абдил Сегизбаевди бийликте эмес маалында да, бийликтеги маалында да жакшы билем. Бирок, кандай учурда болбосун, ал өзүнүн адамкерчилиги, чынчылдыгы жана ачыктыгы менен айырмаланат. Сегизбаев мамлекеттик ой жүгүртүүсү өтө жогору адам. Анын компромиссиз мамилеси жана чечкиндүүлүгү, жардамын аябастан бардыгына бирдей кол сунганы анын адамдык бийик сапаттарынан кабар берет. Ал өзүнүн ары түйшүктүү жолунда, көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, андан алган турмуш сабактары аны күчтүү, адилеттүү жана чынчыл кылды. Мен ишенем, Абдил Сегизбаевден күчтүү мамлекет башчысы чыгат, анткени анын жүрөгүндө руханий баалуулуктар бар. Анын билимдүүлүгү жана мамлекеттик башкаруудагы жогорку тажрыйбасы, өлкөнүн жүгүн көтөрүүгө күчү жетет.
Алмаз Насыров, экономика илимдеринин доктору, Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын экс-ректору:
-Абдил Сегизбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө керектүү тажрыйбасы жана билими жетиштүү! Ал экономиканы көтөрүп, өлкөнүн көзкарандысыздыгын ар тараптан бекемдөөгө жана элдин тынч жашоосун камсыздаганга кудурети жетет.
Давран Осмонкулов, туризм боюнча эксперт:
-Биз жакында жолугушуп, туризмди өнүктүрүүнүн жолдорун бирге талкууладык жана элетте туризмди өнүктүрүү боюнча пикирлештик. Эгер бул багытта иштер жүрсө, өзүнүн натыйжасын тез эле берет, эл жаңы жумуш орундары менен камсыз болушат, жергиликтүү калктын билим алуусуна шарттар түзүлөт. Ал туризмди калыптандыруу идеясын толугу менен колдойт. Мени кубантканы, аталган тармак боюнча Абдил Сегизбаевдин түшүнүгү абдан жогору экен, ал туризмди колдогонго толук даяр.
Жолдошбек Токоев, белгилүү журналист:
- Мен, Сегизбаев менен жолугушууга келип, анын программасы тууралуу башынан аягына чейин уктум. Мага абдан жакты , абдан маанилүү учурлар бар экен. Мындай татыктуу адамды сөзсүз түрдө колдошубуз керек.
Халикова Ашэра, экс-депутат:
- Абдил Сегизбаев – мыкты жетекчи, айланасына адамдарды чогулта алат. Ал коопсуздукту камсыздоо жолдорун билет. Коопсуздук болгон жерде тынчтык бар, тынчтык болгон жерде туруктуулук бар.
Кабаев Кубан, дипломат, тышкы саясат жана коопсуздук боюнча эксперт:
-Бүгүн, Кыргызстан абдан опурталдуу абалда турат. Бир туура эмес кадам менен, биз 30 жылдык эгемендигибизден кол жууп калышыбыз мүмкүн. Октябрь окуясынан кийин айрым кызыкдар болгон саясий топтор, Конституцияга каршы келген иш-аракеттерди жасашты. Мыйзам үстөмдүүлүгү бузулду. Мамлекеттик ресурстар элдин кызыкчылыгына эмес, ошол топтордун кызыкчылыгына колдонулуп, криминал ачык эле саясатка аралашып кетти. Жыйынтыгында, өлкөдөгү коопсуздукка жана Кыргызстандын эл аралык имиджине шек келди. Бул мени абдан тынчсыздандырат.
Менин жарандык позициям – Кыргызстанды укуктук, эркин, светтик жана демократиялуу мамлекет кылып сактап калуу.
Мен, жогорудагы жарандык-идеологиялык ишенимдеримдин негизинде, Абдил Сегизбаевди колдойм жана анын Кыргызстанга “бакиевдердин” кайтып келишине каршы принциптерин жактырам.
Абдил Сегизбаевди бирге колдойлу,- деп чакырам!
Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер А.К. Сегизбаевдин шайлоо фондунун эсебинен талапкердин каржы маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич аркылуу төлөндү.