Домой Саясат УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-майга чейин камакта калтырылды

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-майга чейин камакта калтырылды

57

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 19-мартта чыгарганын Сегизбаевдин адвокаттары маалымат каражаттарына билдиришти.  Сот имаратына анын тарапташтары, жакындары чогулуп, аны эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

УКМКнын мурдагы төрагасына карата жалпысынан 6 иш тергелип жатканын, алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу экенин Башкы прокуратура 11-февралда кабарлаган.