24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков инаугурация салтанатында сүйлөгөн сөзүндө өзүнүн президенттик кызматка киришкендеги биринчи жарлыгы Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы наамды берүү боюнча боло турганын билдирип кеткен. Мына ошол убада аткарылды. Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жарлыгына ылайык экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарды.
Албетте, коомчулук да муну туура кабыл алды. Эске сала кетсек, ага чейин дагы Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан мына ушул наамды А. Атамбаевге берүү боюнча да демилгелер көтөрүлгөн. Эл үчүн жасалган эмгек эч качан жерде калбай тургандыгы да мына ушул жарлык менен тастыкталды.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн алты жылдык президенттик мөөнөтүндө чейрек кылымда жасала тургандай чоң иштерди жасоого жетишти. Эң башкы жетишкендиги – бул эл менен бийликтин ортосундагы карым-катышты, ишенимди кайра калыбына келтиргени болду. Эл ичинде «Биздин бийлик эл үчүн, мамлекет үчүн иштейт» деген терең ишеним жаралды. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу түп-тамырынан жоголуп, чыныгы демократиялык, элдик башкаруу орноду.
Акаев менен Бакиевдин маалында алардын тышкы саясатты жүргүзүүдөгү алешемдигинен улам ар дайым элибиздин башы шылкыйып келген. Бирде газды бууп, бирде чек араны бууп коюучу коңшулаш мамлекеттердин президенттеринин алдына чуркап бара калышса, анан кантип элибиздин башы өйдө көтөрүлмөк? Ал эми Алмазбек Атамбаев кыргыз эли эч качан башкалардын алдында тизелебей турганын, биз суверендүү, көз карандысыз мамлекет экендигибизди ар бирибиздин эсибизге салып, коңшулаш, дүйнө мамлекеттери менен тең ата мамиле жүргүзө алды. Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум И. Каримов бизге адатынча газды буу менен кыр көрсөткүсү келди эле, газ алуунун башка альтернативалуу жолун тапты. Өзбекстандын учурдагы бийлиги менен мамилебиз өтө жакшы нукта өнүгүп баратканы да кубандырбай койбойт.
Коррупцияга каршы жасалган күрөш өз жемишин берүүдө. Мамлекеттик жогорку кызматтарга келүүнү көздөгөндөр басып өткөн жолунун тазалыгына өзгөчө көңүл буруп калышты. Кыңыр иштери барлары өздөрү эле четке чыга баштады.
Тээ Акаев доорунан бери сөздөн ишке ашпай келаткан «Жаштарды бийликке алып келүү керек» деген саясат да Атамбаевдин учурунда жүзөгө ашты. Азыркы тапта өкмөт курамындагы жетекчилердин басымдуу бөлүгү 40 жаштын ары жак-бери жагындагы курактагылар.
Өлкөбүздүн көз карандысыздыгы толук кандуу болушу үчүн ар тараптуу көз карандысыздыкка жетишүү керек экендиги белгилүү. Андыктан энергетика тармагы боюнча жасалган көз карандысыздык да өлкөбүздүн көз карандысыздыгын бекемдеди десек болот. «Датка-Кемин» ЛЭПтин курулушу менен Кыргызстан чыныгы энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Бишкек ТЭЦи модернизацияланып, кубаттуулугу 2,5 эсеге көбөйдү. Мындан сырткары дагы толтура энергетика жаатында үзүрлүү иштер жасалууда.
Өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүү багытында алгач 2017-жылга чейинки стратегиялык план түзүлүп, ал ишке ашып, эми 2040-жылга чейинки стратегия иштелип чыкты. Мына ушул иштердин баарында А. Атамбаев башында турду. Мындай алгылыктуу иштерди санай берсек, өтө эле көп. Андыктан жасалган эмгекти татыктуу баалоо – бул дагы келечекке жасалган стимул болуп саналат.