Домой Саясат Өмүрбек Текебаев революция кылууга уруксат берди дешип…

Өмүрбек Текебаев революция кылууга уруксат берди дешип…

106

Өмүрбек Текебаев

2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү болгон “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү (2010-жылдын 7-апрель – 21-декабры): окуялар, ишмердик, баалар” деген аталыштагы китеп жазды. Ушул китептин Текебаев элдин көтөрүлүшкө, революцияга болгон укугун негиздеген жери камтылган бөлүгү көпчүлүккө жарыяланып кетти. Аны сайттар кыскартып берүү менен “Текебаев революция кылууга уруксат берди” деген сындуу темаларды коюшкан. Китепте 2010-жылдагы апрель революциясын шарттаган жагдайлар, бакиевдик үй-бүлөлүк режим, оппозицияга каршы террор, Убактылуу өкмөттүн түзүлүшү, Ош окуялары, Убактылуу өкмөттүн ага жасаган реакциясы ж.б. маселелер камтылган. “Адам укугунун декларациясынан” мисалдар келтирилип, андагы негизги ой — ар бир эркин мамлекеттин атуулдары алардын көз карандысыздыгына коркунуч туулган учурда бийликти күч менен басып алууга боло тургандыгы жөнүндөгү ой китепти кызыл сызык менен аралап өтөт.