Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого бара турганын же барбай турганын так жооп берген жок.
Ал жообун жакын арада элге кабарлай турганын билдирди. Талапкер болуу чечимин кабыл алуу үчүн убакыт керек экенин жана партиялаштары менен кеңеше турганын айтты.
“Кеңешип бармак кесип туруп, андан соң сөзсүз жообун айтабыз. Ким менен барам жана кимди колдойм анын бары жакында ачык айтылат”,- деди Өмүрбек Бабанов “Азаттыктын” түз эфиринде.
Эскерте кетсек, буга чейин президенттикке 5 киши талапкерлигин көрсөткөн: Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов.