Домой Коом Улукбек Кочкоров Бишкектеги Биринчи май РИИБге тергөөгө чакырылды.

Улукбек Кочкоров Бишкектеги Биринчи май РИИБге тергөөгө чакырылды.

79

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мурунку жетекчиси Улукбек Кочкоров Бишкектеги Биринчи май РИИБге тергөөгө чакырылды. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тергөө кайсы иш менен байланыштуу экени азырына тактала элек

«Чоң финансылык мыйзам бузуу жана чоң көлөмдөгү акча уурдалганы боюнча Бишкек шаардык карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаеваны жумуштан бошотком. 5 млн 600 миң сом уурдалганы аныкталган.

Ал 22 адамдын эмгек акысын алып турган. Алар жөн гана катталып, бирок факт түрүндө иштеген эмес.

Бошотулган директор сотко кайрылып, жумуштан мыйзамсыз бошотулганын айткан. Кайра кызматына келип, бирок кийинчерээк Финансы министрлиги менен бирге жүргүзгөн иштердин алкагында финансылык мыйзам бузуулар аныкталган. Азыр ал башка фактылар аныкталганына карабастан жумуштан мыйзамсыз бошотулганын айтып арызданып жатат. Мен жетекчи катары карылар үйүнө бөлүнгөн каражаттын уурдалышына жол берген жокмун», – деп билдирген Кочкоров.

булак: eldik.media