Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чыңгыз Айдарбековдун Самойленко көчөсү, 4б дарегинде курулуп жаткан үйдөгү кыймылсыз мүлкү ипотека насыясына алынган. Бул тууралуу Чыңгыз Айдарбеков өзү 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бардык кыймылсыз мүлк декларацияланып, кирешелер көрсөтүлгөн.
«2016-жылы Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы болуп иштеп, үлүштүк курулуш келишимин түзүп, ипотека насыясын алдым. Декларацияда банктагы ипотека келишимин көрсөткөм. Мен 22 жыл мамлекеттик тутумда иштеп, эч нерсени жашырган жокмун. Эгерде ал узак мөөнөттүү курулуш болсо, менчик укугун декларацияда кантип көрсөтө алам? 2018-жылы Япониядан кайтып келгенимде, жердин ээси Жогорку Кеңештин депутаты экени аныкталды, ал Жогорку сот үйдү бузуу чечимин чыгартууга аракет кылган. Жакында бул жарлык жокко чыгарылды», – деди Чыңгыз Айдарбеков.
Эске салсак, буга чейин 24.kg Айдарбеков ири кыймылсыз мүлкүн салык декларациясынан жашырганын жазган. Бирок Чыңгыз Айдарбеков бул маалыматты четке каккан.
булак: eldik.media