Аркадий Дубнов Конституциянын жаңы долбоорун окуганын айтып, төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
«Кыскасы, бул долбоор укмуштуу экен. Анын мааниси документтин авторлорунун кесиптик жараксыздыгынан, саясий бир жактуулугунан жана абсолюттук юридикалык алсыздыгынан кабар берет. Буга күбө болуу үчүн президенттин жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктары менен ЖМКлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча беренелерди окуу гана жетиштүү. Өлкөдөгү жогорку бийликти ооздуктап алууга даяр болгон адамга Түркмөн диктаторунун ийгилиги тынчтык бербей жаткандай сезим калууда. Ошондой эле өлкөдө 10-январда эле Конституция боюнча референдум өткөрүп жиберүү боюнча сунуш, такыр эле үмүттү өчүрөт. Бул конституциялык процесстин мурун болуп көрбөгөндөй кадырын түшүрүү. Өлкөнү укуксуздуктун жана «өзүм билемдиктин» сазына алып баруу. Ал эми коомдук жашоону примитивдүү жашоого түртүү деп эсептейм» , — деди Аркадий Дубнов.
булак: super.kg