Жеке саясый амбициясы башынан ашынган айрым саясатчылар алдыдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын жеткиликтүү добушуна ээ боло ала тургандыктарына анчейин ишене албагандыктан «бийликке Атамбаевдин жолун жолдобой турган президент келиши керек» дегендей аракеттерди жасашууда. Алардын сүйлөгөн сөздөрүндө тымызын элди бийликке каршы коюуга жана шайлоонун башаламандык менен коштолушуна түрткү берүү бардай туюлат.
Бирок, ким кандай аракет жасаса да, алдыдагы шайлоо таза жана акыйкат, тынчтык жолу менен өтөт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган иш-чарада сөз сүйлөп жатып билдирди. «Эмне үчүн мындай аракет болуп жатат? Кандайдыр шылтоо менен 15-октябрдан кийин өлкөдө жагдайды туруксуздаштырууну каалагандар бар. Мен эскертип коёюн, мен 1-декабрга чейин ушул мамлекеттин президентимин. Өлкөдө башаламандык кылууну каалагандарды катаал жазага тартууга менде убакыт жетиштүү», — деди ал. Ага улай эле ал шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин да кошумчалады.
Демек, кандайдыр бир нааразычылыктын жаралышына эч кандай негиз жок, ага жол да берилбейт. Андыктан биз шайлоодо өзүбүз татыктуу деп эсептеген, салмактуу, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен, пиарды эмес, ишти мыкты жасаган талапкерге добушубузду берип, өлкөбүздүн келечеги үчүн кам көрүшүбүз керек. Ал эми жеке кызыкчылыктары үчүн башаламандык уюштурууну каалагандарды катарыбызга кошууга да болбойт.