Домой Саясат Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА: “БШК Бабановдун Назарбаевге жолукканына баасын берет”

Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА: “БШК Бабановдун Назарбаевге жолукканына баасын берет”

122

2016-11-14_16-19-34_901899

Президенттик шайлоонун алдында өз элинен эмес, өзгө элдерден колдоо издеген Өмүрбек Бабановдун казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Негизинен бул жолугушуу Бабанов күткөндөй оң таасир эмес, тескерисинче анын өйдөлөп бараткан рейтингин бир топ күү менен төмөндөтүп жибергендей болду.

Алтургай анын бул кадамына нааразы болуп, укук коргоочу Турсунбек Акун Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен да кайрылган. Арызды карап чыккан БШКнын жумушчу тобу Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусу үгүт материалы катары чыкпаганын жүйөө кылып, арызды кароодон баш тартышкан. Албетте, ал жолугушууну Бабановдун штабы үгүт материалы катары колдонгон жок, бирок жолугушуунун максаты шайлоонун алдында Бабановдун рейтингин көтөрүүгө багытталганы коомчулукка ачык эле көрүнүп турганын жашыруу мүмкүн эмес.

online generic valtrex. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат булактарынын бирине мындай пикирин билдирген: Президенттикке талапкерлер мыйзамдагы кичи пункттарга жашынса да эл алдындагы жоопкерчиликти унутпашы керек. Бабановдун Назарбаев менен жолукканы — жоопкерсиздик. БШК бул факты боюнча өз баасын берет».

Ырас, БШКдагы Бабановдун кызыкчылыгында иш жасап аткан мүчөлөр бар экендигин жакшы билебиз. Алар канчалык жан талаша Бабановду коргоп, анын үгүт иштерин чектен тыш ашырып атканын жаап-жашыргылары келгени менен, элибиз баарын көрүп турат. Өз элинен колдоо күтпөй, өзгө элдин башчысына жагалданып бара калган Бабановдон жүзүн үйрүгөндөрдүн саны арбын.