Домой Саясат Мыктыбек ажы Арстанбек, коомдук ишмер: “Башка мамлекеттин президенттери эч качан Кыргызстандын өнүгүп...

Мыктыбек ажы Арстанбек, коомдук ишмер: “Башка мамлекеттин президенттери эч качан Кыргызстандын өнүгүп кетишин каалабайт

132

          32-big

  Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак лидери Нурсултан Назарбаевден жардам сурады. Андан сырткары эл аралык шылуун олигархтар менен жолукканын маалымат каражаттары жазып чыкты. Негизи эле башка элдин лидерлери, олигархтары Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүн каалайбы?

online doctor for viagara prescription.           Акыркы жылдарда элдин шайлоочулук дараметине чоң сокку урулду. Талапкерлер платмормасы менен атаандашышы керек болчу. Бирок, чет элдик технологдор персонаны алдыга чыгарып, шайлоону ошол нукка буруп койду. Эгер талапкерлер платформа менен чыкканда бир да чет элдик лидер колдомок эмес. Анткени, алар программасында Кыргызстанды гүлдөтүп өнүктүрүүнү, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууну убада кылмак Ал болсо башка өлкөнүн президенттерине жакмак эмес.

          Анда биздин талапкерлерди кабыл алган башка мамлекеттин лидерлери Кыргызстандын өнүгүп кетишин каалабайт деген бүтүмгө келсек болобу?

          Алар эч качан Кыргызстандын өнүгүп кетишин каалабайт. Жөн гана желкесин таптап, мактап коюшу мүмкүн. Кээ бир талапкерлер өзүн пиар кылуу үчүн башка мамлекеттин президенттери менен селфи кылыш ыктамыл. Мунун баары Кыргызстанга эч качан жакшылык же пайда алып келбейт.