Домой Коом Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Атада өтө турган «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн келген.

Аны «Ысык-Көл» аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.