Домой Аналитика Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өлкөгө жеӊилдетилген каражат бөлүүсүнө багытталган мыйзам долбоору колдоо...

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өлкөгө жеӊилдетилген каражат бөлүүсүнө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты

5

Бүгүн, 24-майда парламент комитетинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өлкөгө жеӊилдетилген каражат бөлүүсүнө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Бюджет жана финансы боюнча комитети мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 8,5 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.

Каражат негизинен аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү багытында жумшалмакчы.