Мындан ары буга чейин базарларыбызда эркин сатылып келген насвайды сатууга тыюу салынчудай. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова демилгеледи.
Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттын айтымында, насвайды өндүргөндөргө жана саткандарга административдик жаза колдонулуп, жарандарга 5000 сом, юридикалык жактарга 50 000 сом айып пул салынат. Эгерде, айып пул салынгандан кийин деле насвай менен иш кыла берсе анда, жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 90 миң сом айып пул салынат.