Домой Коом Жандуудан бака койбой…

Жандуудан бака койбой…

138

Бака

Ала-Бука районунун Жапалак-Сай айылындагы жаш балдар көлмө бойлорунан бака кармап, аларды дарылыкка сатып өткөрүшөт. Баканын бир даанасын 50 сомдон 150 сомго чейин сатышат. «Бизге буюртма түшүп калганда досторум менен келип, тор кайырмактар менен күнүнө 10го жакын бака кармап сатабыз. Акчасын бөлүшүп алып, өзүбүздүн керектөөбүзгө жумшайбыз. Айрым досторум бул иш менен алектенгенин ачыкка чыгаргысы кылбейт. Угушумча биз кармап жаткан бакалар богок сыяктуу айрым ооруларга дары экен “- дейт Даниел аттуу өспүрүм. Кийинки учурда Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө да жоголуп баратканын эске алсак, жок дегенде ушу бакаларды жайына койсокчу деген ой келет.