Домой Аналитика Келдибеков 10млн. сомдук айып пулдан эки эле унаасын сатып туруп, кутулуп кетет!

Келдибеков 10млн. сомдук айып пулдан эки эле унаасын сатып туруп, кутулуп кетет!

155

Акматбек Келдибеков

Кыргызстандагы “коррупциянын символу” саналган, Мамлекеттик социалдык фонддун жетекчиси, Мамлекеттик салык кызматынын башчысы жана ЖК төрагасы кезинде өлкө казынасына миллиондогон зыян келтирди делип айыпталган Акматбек Келдибековго карата Бишкек шаардык соту 10 млн. сом айып пул айып салды. Чындыгында бул өтө жеңил жаза. Өмүр бою мамкызматты аркалап, баштан ашкан байлык чогултуунун үлгүсүн көрсөткөн Акматбек мырза 10 млн. сомду эки “темир тулпарын” сатып эле төлөп коеру калетсиз. Буга анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн тизмектесек эле жетиштүү болот.

Журналисттерди “тизелетем” деп чамынган Аида Токтоматова күйөөсү А.Келдибековго салыштырмалуу өтө бай. Ага жалпысынан 31 имарат катталган. Тизмеге көз чаптырыңыз:

 

Бишкек шаарында ага катталган мүлктөр:

  • Табалдиева көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2002-жылы сатылып алынган);
  • Сагымбай Манасчы көчөсүндөгү жер участогу (2011-жылы сатылып алынган);
  • Табалдиева көчөсүндөгү турак үй (2001-жылы сатылып алынган);
  • Геология көчөсүндөгү турак үй (2007-жылы сатылып алынган);
  • Ахунбаева көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2005-жылы сатылып алынган);
  • «Жал-15» кичирайонундагы курулуп бүтө элек квартира (2008-жылы сатылып алынган);
  • Тынчтык проспектисиндеги квартира, Сухомлинова көчөсүндөгү квартира (экөө тең 2007-жылы үч ай айырмачылык менен сатылып алынган), Сухомлинова көчөсүндөгү гараж дагы ошол эле жылы сатылып алынган.
  • Токтогул көчөсүндөгү квартира (2000-жылы курулган);

 

Ысык-Көлдөгү мүлктөрү:

  • Бостери курорттук айылындагы жалпы аянты 2,55 гектар болгон «Илбирс-Саадат» пансионаты;
  • Көл жээгиндеги 14 коттедж (ар биринин баасы кеминде 100 миң доллар);
  • Булан-Сөгөттү айылындагы «Парк Отель Ле Меридан» пансионатынын аймагындагы коттеджди Аида Токтоматова «Торговый Дом Кара-Балта» ишканасынан 2009-жылдын 15-апрелинде 450 миң сомго сатып алган.
  • «Карвен четыре сезона» пансионатындагы батир;

 

Ош шаарындагы имараттары:

  • Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылындагы жер тилкеси жана кырманы бар. Бир имарат 2007-жылдын сентябрь айында сатылып алынган.

 

Кымбат баалуу машинелери:

  • 1994-жылы чыккан «Мерседес-Бенц Е 320»;
  • «Тойота Лэндкрузер»;
  • «Шевроле — Субурбан»;
  • «Тойота — Фортунер»;
  • «Лексус lx — 520».

 

Көл кылаасындагы 14 коттедж жана “Дордойдогу” “Алтын-Тоо”

Акматбек Келдибековичтин жана анын жакын туугандарына катталган мүлктөргө санак жетпейт. Бир эле Ысык-Көлдүн жээгинде ар биринин куну 100-150 миң доллардан турган 14 коттедж бар. Ошондой эле А.Келдибековдун өзүнө катталган 558,6 чарчы метр аянттагы үй, турак-жай үчүн эмес 605 чарчы метр аянттагы имарат, 5000 чарчы метр аянттагы жер тилкесин табууга болот. Мындан тышкары, «ВАЗ 21063» үлгүсүндөгү автоунаа жана Range Rover үлгүсүндөгү 2010-жылкы автоунаанын ээси. Бул декларацияда көрсөтүлгөндөрү гана, көмүскөдөгү «бизнестери» тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн эмес. Маселен, анын борбор шаарыбыздагы сауналары, «Кыял» бирикмесиндеги акциялары жана Подмосковьедеги 2 миллион долларга сатылып алынган “хан сарайы” али ачыкка чыккан эмес.

Борбордогу «Дордой» соода комплексинин аймагында жайгашкан «Алтын-Тоо» деп аталган чарбалык товарларды жана автоунаалардын тетиктерин саткан базарды кимдер гана билбейт. Мына ушул базарда эле 700гө чукул контейнер жайгашкан. Анын 200дөйү бир гана адамга таандык. Бирок, кимге таандык экендиги көмүскө. Ал эми «Алтын-Тоо» базарынын ээси «НААР» ЖЧКсы болуп эсептелет. Бул жоопкерчилиги чектелген коомдун түзүүчүлөрүнүн бири — Акматбек Келдибековдун кайын атасы Нурмамбет Токтоматов болуп эсептелет экен. Ошондо А.Келдибеков “Алтын-Тоону” кайынатасына “тартуулаганын” божомолдош иттен оңой.Биз А.Келдибековдун байлыктарынын четин гана санадык. Коомчулукта аңызга айланган кеп-сөздөргө караганда, анын Дубайда да бизнестери бар. Ал тууралуу кези келгенде сөз болор.