Домой Аналитика Жол эрежесин бузууда кайсы беренелер боюнча айып пулдар азайтылат? (түшүндүрмө)

Жол эрежесин бузууда кайсы беренелер боюнча айып пулдар азайтылат? (түшүндүрмө)

14

Өкмөттүн жол эрежесин бузгандардын айып пулун азайтуу демилгесине ылайык, Бузуулар кодексиндеги эки берененин айып пулу азайтылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө көпчүлүк айып пулдарды өз убагында төлөгөн унаа ээлери 50 пайыздык жеңилдик алышат. Жол көзөмөл кызматы аталган жеңилдиктерди 70 пайызга чейин кылууну сунуштоодо. Мисалы, жол эрежесин бузуудагы биринчи категорияга – 1000 сом айып пул каралган, эгерде камера миң сом айып пул тартса, айдоочу 15 күндүн ичинде 300 сом төлөй алат”, – деп билдирди Исаев.

Анын айтымында, төмөнкү эки берененин негизинде 70 пайыздык арзандатуу сунушталууда.

123-берене “Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу”,

– “Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 километр сааттан көп, бирок 20 километр сааттан көп эмес ашуусу”.

123-1-берене “Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу”,

– “Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо”.

Учурда жогорудагы беренелерди бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, акчанын өлчөмү 50 пайызга арзандайт. Ал эми өкмөт демилгеси боюнча айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70 пайыз арзандатуу каралган.

Эске салсак, буга чейин 3-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүүнү пландап жатканын билдирген.

булак: super.kg