Домой Саясат Улутту ойлобогон укук коргоочулар “агент” болбойбуз дешип…

Улутту ойлобогон укук коргоочулар “агент” болбойбуз дешип…

37

Турсунбай Бакир уулу

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды «агент» деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан. Бул маселени акыркы чакырылыштагы депутаттар козгоп  жатканын уккан  укук коргоочулар Ак үйдүн алдында акцияга чыгышмакчы. Чыкмак турсун, ыйлашсын. Улуттун кызыкчылыгына эмес, чет мамлекеттердин кызыкчылыгына иштегендерге сооп гана болот. “Агент” маселесин көтөрүп чыккан депутаттар азыр жок, аларды эл шайлабай койгон. Бейөкмөтчүлөр: “аталган мыйзамды эч кандай талкуулабай эле күн тартибинен алып салыш керек” деген талап коюп, тайраңдап турушат.  Аталган мыйзам азырынча Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынан өттү.