Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев Чеченстанда мас абалында унаа айдап бара жатып 1 адамды өлтүрө сүзүп кеткени үчүн 4 жылга эркинен ажыратылды.
Бул туурасында орусиялык ММКлар билдирүүдө.
Маалыматка караганда Грозный райондук соту Батукаевди түзөтүү колониясына 4 жылга кескен. Ошондой эле транспорт каражатын башкаруу укугу 3 жылга алынып салынды.
«Кылмыш ишинде «Mercedes Benz 500» унаасын мас абалында башкарып бара жаткан Азиз Батукаевдин катышуусунда Старые Атаги айылында жол кырсыгы болгон. Ал «ВАЗ 2110» унаасынан ашам деп бара жатып аны сүзүп алган. Жыйынтыкта “ВАЗдын” айдоочусу каза болгон. Азиз Батукаев каза болгон адамдын туугандарынын өч алуусунан коркуп качып кеткен», — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, криминалдык авторитет Азиз Батукаев Кыргызстанда 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган. Мыйзамдагы ууру Нарындагы убактылуу тергөө абагында болчу. Оорусуна байланыштуу эркиндике чыгарылып Грозный шаарына учуп кеткен. Бирок кийин анда олуттуу илдет болгон эместиги аныкталган.