Домой Коом Коомдук унаадагы окуучу балдардын кɵйгɵйү..(Келгиле, келечегибизди коргойлу)

Коомдук унаадагы окуучу балдардын кɵйгɵйү..(Келгиле, келечегибизди коргойлу)

138

 

11018316_363706973828807_1158163178668036088_n

 

Аялдамада таң заардан баштап эле тыным жок. Ар ким ɵз багытына жол алган маршруткаларды күтɵт. Баары шашат. Бирɵɵсү жумушуна, бирɵɵсү окуусуна. Бала жетелеген энелер, ай жылып койгула, эптеп батышып алалык….. Эң маанилүүсү оор асынма сумка кɵтɵргɵн окуучу балдар.Эптеп орун табылса сүйүнүп, ошол жерге турсам дейт. Туура эмес туруп алса, ай бала, ары тур, бери тур…деген жеме угушат. Балага эң ынгайлуу жер айдоочу байкенин жаны.Себеби астын карап барат. Ата-энеси кɵрсɵтүп койгон аялдамадан адашып калбай түшүп калышы керек. Ал жерге турганы учун кунɵɵлүүдɵй болуп, чоң кɵздɵрүн улам-улам жумуп-ачып, айдоочу байкени карап коюшат. Айдоочу байкеси ɵз убактысынан кечигип баратса жини келип ары турчу ай бала деп жинин андан чыгарат. Байкенин маанайы жакшы болуп сүйлɵп койсо кудуңдап калышат. Унаада эл кɵп болсо баланы эч ким байкабай да калат. Кармайын десе колу жетпейт кармагычка. Эптеп суурулуп ыңгайлуу жерге туруп алайын десе улуулардан кагуу жейт. Орун бошоп калса ары жагын карап, бери жагын карап отура калат. Кээде чарчаганынан улам уктап да калышат. Аны корс бирɵɵсү келип эй тур, орун бошот деп ороңдойт. Заманга жарашабы балдардын түйшүгү да кɵп. Таң заарда башталган сабагы, сабактан кийин кошумча алган билими. Коомдук унаага түшсɵ чоңдордун корс мүнɵздɵрүнө кабылуу балага кɵнүмүш адаттай болуп, кɵздɵрүн чоң кылып бир карап алат. Ал эми эң коркунучтуусу, бала унаадан түшɵйүн деп эки буту жерге тийип тие электе унаанын жүрүп кеткеничи.

14359.310002657c6323c4bb1da21f6db941a6.500

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

tadalafil generic reviews. imageproxy

Мен буларды эмнеге жазгым келди…

Мына, биз ушундай кɵрүнүштɵр менен келечегибизди коргоп жатабыз. Уулууга урмат, кичүүгɵ ызат. Аганы кɵрүп ини ɵсɵт, эжени кɵрүп сиңди ɵсɵт демекчи биз кайсы макалга ылайыктуу балдарга канчалык даражада үлгү болуп жатабыз. Заманга жараша десек баары жетиштүүдɵй. Болгону мээримдүүлүк, боорукердик мокоп бара жаткан сыяктуу. Айлана-чɵйрɵдɵ болуп жаткан агрессивтуулукту баланын жан дуйнɵсү нормалдуу кɵрүнүштɵй кабыл алганы ɵкүндүрүүдɵ. Келгиле жок дегенде коомдук унааны колдонгон балдарды коргойлук. Айдоочу байкелерибиз балдарга ыңгайлуу кармагыч жасап берсин. Мейли бала отурбасын, жок дегенде ɵздɵрүнɵ тиешелүү жер болсун. Оорун жеңилдетип сыртындагы сумкасын ала койбосок дагы ɵзүнɵ тиешелүү жерде тынч кете берсин. Коомду ɵзгɵртүү балдардан башталсын. Аларга кылынган мээримдуу мамиле, туура тарбия-биздин келечегибиздин кандай болооруна ишарат кылат. Балким бул гезит аркылуу кɵйгɵйлүү масале 5 кишиге жетсе алар аркылуу 10 кишиге жетээр деген үмүттɵмүн. Балдар биздин келечегибиз.сенин келечегиң, сенин балаңдын келечеги, балаңдын балдарынын келечеги….

 

Акгул Шайкиева»Манас «университетинин кызматкери