Домой Дүйнөдө «Муну ачканда биз жок болобуз». Бельгияда куруучу имарат оӊдоп жатып 1941-жылы жазылган...

«Муну ачканда биз жок болобуз». Бельгияда куруучу имарат оӊдоп жатып 1941-жылы жазылган кат таап алган

150

Бельгиянын Антверпен шаарындагы Иаков чиркөөсүн оңдоп жаткан куруучу 1941-жылы жазып калтырылган кат таап алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эки купондун арткы бетине жазылган кайрылуу ширеңкенин кутучасына салынган. Аны ошол убакта иштеген куруучулар жазган.

«Бул шыпты качандыр бир кезде кайра сырдап калышыңар мүмкүн. Бирок ал учурда биз жок болобуз. Биз кийинки муунга жашообуз канчалык оор болгонун гана айткыбыз келди. Биз эки согушту (1914 жана 1940-жылдардагы) башыбыздан өткөрдүк, урпактарга ун, буудай, күрүч, кофе жана тамекини запастап жүрүүнү кеңеш беребиз. Анткени биз көп учурда ачка иштедик.

Жашоодон ырахат алгыла. Убагынан өткөрбөй үй-бүлө кургула. Үй-бүлөсү барлар үйгө эртерээк кайткыла», — деп жазылган катта.

Аталган кат социалдык тармактарга тарап, интернет колдонуучулары бул кат убагында табылганын жазып чыгышты.

булак: super.kg