Домой Дүйнөдө Тоолуу Карабах Республикасында аялдардан турган аскер роталар түзүлүп, согушка тартылууда.

Тоолуу Карабах Республикасында аялдардан турган аскер роталар түзүлүп, согушка тартылууда.

27

Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасында аялдардан турган аскер роталар түзүлүп баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Армениянын премьер-министринин жубайы Анна Акопян аскердик даярдыктан өтүп, Карабахтагы согушка катышарын билдирген.

Тоолуу Карабахта Азербайжан жана Армения өлкөлөрүнүн ортосундагы согуш 27-сентябрда башталган. Россия, АКШ жана Франциянын лидерлери эки өлкөнү согуш аракеттерин токтотууга чакырышкан.

9-октябрда Москвага Владимир Путиндин чакыруусу менен Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери барган. Алар Россиянын тышкы иштер министри менен чогуу 10 сааттан ашуун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында Баку жана Ереван 10-октябрда согуш аракеттерин токтотуп, барымтага алынгандарды жана каза болгондордун денелерин алмашууну, ошондой эле элдешүүнүн так шарттарын макулдашууну сүйлөшүшкөн. Бирок ошол эле күнү эки өлкө бири бирин макулдашууну бузганына күнөөлөшкөн.

Элдешүүнүн экинчи аракети 18-октябрга караган түнү көрүлгөн. АКШ 26-октябрдан баштап согуш аракеттери токтотуларын билдирген. Бирок андан кийин да эки өлкө бири бирин макулдашуунун шарттарын бузганга айыптаган.