Домой Коом Өнүккөн өлкөлөрдө ушак, жалаа үчүн кандай жоопкерчиликтер каралат?

Өнүккөн өлкөлөрдө ушак, жалаа үчүн кандай жоопкерчиликтер каралат?

179
DISCRETION

Обьективдүүлүк, маалыматты берүүдөгү ишенимдүүлүк, социалдык жоопкерчилик – бийликтин төртүнчү бутагынын өкүлдөрү кармана турган маанилүү принциптердин бири. Бирок, журналисттер бул тууралуу дайыма эле ойлоно беришпейт, тескерисинче чындыкка дал келбеген, ачык эле ушак-жалгандарды жарыялап, таратуудан жийиркенип да коюшпайт.

Кыргызстанды эркин прессасы бар мамлекет деп атоого болот. Бирок, тилекке каршы мамлекетибизде сөз эркиндигин текшерилбеген, алтургай таптакыр эле жалган фактыларды ачык эле тараткан ээн ооздук менен алмаштырып келишет. Ал эми мына ушундай жалган маалыматтарды таркаткан маалымат булактарына карата сотко даттануулар келип түшсө, аны ошол замат сөз эркиндигине кысым катары сыпаттап жиберишет. Өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө бул практика жетишээрлик тараган жана аны сөз эркиндигине кысым катары сыпатташпайт.

 

АКШ

Америка Кошмо Штаттарында жалган ушактар үчүн жетишээрлик каардуу жаза колдонулат. Анын штаттарындагы мыйзамдарында айрым айырмачылыктар бар. Ушак, имиштер үчүн жаза 250 миң долларга чейин айып пул же 10 жылга эркинен ажыратууга чейин жетет. Айрым штаттарында кайсы бир маалымат булагы ушак, имиштерди таратса ал ошол ушакты чыгарган тикелей булагы менен бирге жоопкерчилик тартат, ал эми айрым штаттарында мындай аракеттерге жоопкерчилик тартпайт, айрым учурларда АКШда топтук айыптоолор жана топтук жоопкерчилик деген да болот. АКШнын 19 штатынын Кылмыш кодексинде диффамация (бирөөнү маскаралаган маалыматтарды басмага жарыялоо) үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. АКШдагы ММК ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу системасын бир нече топко бөлсө болот: биринчи топ – бул өз оюн билдирүүнүн эркиндиги; экинчи топ – ММКнын адамдын жеке турмушуна же кызматтык репутациясына залал тийгизген күмөндүү , ар-намыска шек келтирген же такталбаган маалыматты таратуу үчүн жоопкерчилиги; үчүнчү топ – ММКнын мамлекеттик (улуттук) коопсуздугу позициясы жаатында укугу жана милдеттери; төртүнчү топ – журналисттердин өзүнүн маалымат булагын коргоо мүмкүнчүлүгү; бешинчи топ – мамлекеттик органдар тарабынан массалык маалымат каражаттарын көзөмөлгө алуу маселелери.

 

Франция

Жалган ушактар үчүн 45 миң еврого чейин айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу гана эмес, профессионалдык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрү менен алектенүүгө да тыюу салынат.

 

Германия

Германияда иштеп жаткан бийликке каршы ушак-имиштерди чыгаруу анын ар-намысына шек келтирүү же республиканын бүтүндүгүн бузууга чакырык катары түшүндүрүлөт. Бул үчүн ири суммада айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы көрүлөт. Ким коомчулуктун алдында, чогулушта же кат жүзүндө элдин саясый турмушунда роль ойногон персонага каршы ушак таратса, анда ал үч айдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

 

Швеция

Бул мамлекеттин мыйзамында ушак-имиштин эки түрү айырмаланат – ушак-имиш, же дискредитация жана ар-намыска шек келтирүү. Эгерде биринчи түрү кээде ММКга каршы юридикалык аракет жасоого себеп болуп берсе, экинчиси негизинен «бетме-бет» жекече ар-намыска шек келтирүү болуп саналат жана бул прессага даттануу үчүн өтө чанда негиз болуп берет.

 

Бельгия

Ушак-имиш Бельгияда кылмыш иши болуп саналат, бирок бул кылмыш өтө чанда каралат, себеби ушак айтуулар «пресс кылмыш» болуп саналат, ал Бельгиянын Конституциясынын 150-беренесине ылайык присяжный сотто бааланат. Жаза айып пул түрүндө жана темир тор артына кетирүү түрлөрү менен ченелет.

 

Норвегия

Норвегиянын массалык маалымат каражаттары жогорку эркиндик деңгээлине ээ. Бул мамлекеттин Кылмыш кодексинде мамлекеттик институттардын репутациясын коргоо боюнча бир нече беренелер бар, ал эми кызматтык жактар жарандык доо менен кайрылуу же ушул эле жоболор менен коомчулук алдында айыптоо боюнча кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кылмыш кодексинин 130-беренесине ылайык бийликтин аракеттери боюнча жалган билдирүү берген бардык эле адамдар айып пулга же бир жылга чейинки мөөнөткө темир тор артына кетет.

 

Италия

Италияда ачык кодулоо же ушактоо үчүн 2 жылга эркинен ажыратуу же болбосо 1000ден 2000 еврого чейинки айып пул салынат. Ал жактын мыйзамы боюнча ушак жана кемсинтүү үчүн кайсы гана ММК болбосун жазага кириптер болот. Бул учурда 500 евродон өйдө же болбосо 6 айдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилет.

 

Улуу Британия

Улуу Британияда каралоо «коомдук тартипке каршы кылмыш» катары каралат. Өлкөдө каралоонун 4 түрү бар: Кудайга акаарат келтирүү, ММКдагы каралоо максатындагы макалалар, бирөөнүн кадырына шек келтирген ушактоо жана козголоң чыгаруу максатындагы ушактоолор. Жаза катары административдик төлөм же эркинен ажыратуу колдонулат. Каралоого карата кылмыш жоопкерчилиги ошондой эле Австрияда, Болгарияда, Грецияда, Данияда, Исландияда, Испанияда, Латвияда, Литвада, Норвегияда, Польшада, Финляндияда, Хорватияда, Черногорияда, Чехияда, Швейцарияда колдонулат.

Жекшенбек Абдысатаров